Тайырбек Сарпашев 31-июлга чейин камалды

Тайырбек Сарпашев 31-июлга чейин камалды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн Сарпашевдин баш коргоо чарасын 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Тергөө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганын аныктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД