Артём Новиковдун ордуна өкмөткө Айбек Жунушалиев келди

Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске сала кетсек, Артём Новиков бүгүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД