Балдар үйүндөгү өлүм: Маркумдун агасы президенттен жардам сурап кайрылды

Чүйдөгү Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу агасы Богдан президенттен жардам сурап кайрылды.

Интернетке тараган кайрылууда Богдан Якунин анын иниси ур-токмоктон каза болгонун, инисин сабаган бала моюнуна алганын айткан. Бирок ага карабастан, инисин тамактан ууланып каза болду деп окуяны жаап салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.

"Урматтуу Садыр Жапаров, бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алсаңыз менин сизден башка кайрыларым жок", - деген Богдан Якунин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД