Дайынсыз болуп жаткан Адилет Данияров изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Адилет Данияров изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылын 2006-жылы төрөлгөн Адилет Данияров аттуу тургуну 20-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбеген.

Адилет Данияров буга чейин да бир нече жолу үйүнөн качып кетип, кайра келген.

Аны издөөгө көмөктөшүүсүн өтүнүп, апасы милицияга кайрылган.

Бирок издөө иштери дагы деле натыйжасын бербей жатат. Буга байланыштуу укук коргоо органдары Адилет Данияровду табышууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара түстө, арык чырай, башынын сол жагында тырыгы бар.

Сүрөттөгү баланы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун укук коргоо органдары жана жакындары өтүнөт:

Тел: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД