Бабановду абактан чыгарууну өтүнгөн коомдук ишмерлер президентке кайрылды

Кыргызстандын мамлекеттик жана маданий ишмерлери Өмүрбек Бабановдун камалышын негизсиз деп атап, аны бошотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.

Анда Өмүрбек Бабановдун Кумтөр иши боюнча эч бир күнөөсү жоктугу айтылган. Буга байланыштуу анын ишин мыйзам чегинде, бейтарап иликтөөнү жана тергөө амалдары жүрүп жатканда учурда аны буга чейин жазып берген тил катынын негизинде бошотууну суранышкан.

Кайрылууга геология-минералогия илимдеринин доктору Апас Жумагулов, академик Абдыганы Эркебаев, экс-спикер Алтай Бөрүбаев, Эл акыны Анатай Өмүрканов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, нейрохирург Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын экс-мамлекет катчысы Накен Касиев, профессорлор Роза Айтматова, Муратбек Бегалиев, Сулайман Кайыпов, генералдар Абдыгул Чотбаев жана Анатолий Скаргин, ошондой эле экс-вице-премьер-министр Уктомхан Абдуллаева кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД