Маматов: Мыйзам бузган талапкерлер кайра шайлоого катышкан жок

Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

"Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун же укук коргоо органдарынын чечими болбогондон кийин биз алардын аттарын атаган жокпуз. Бирок алардын аттары жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндүктөн, шайлоого катышууга арыз беришкен эмес".

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам боюнча шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД