Талант Мамытов: Тосмо болбойт, парламенттин имараты ачык бойдон калат

Ак Үйдү курчаган тосмо кайра орнотулат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Билдирүүдө тосмо болбостугун, парламенттин имараты ачык бойдон калары айтылат.

"Урматтуу мекендештер! Ак үйдү курчаган тосмо кайра орнотулат деген туура эмес маалымат тарап жатат. Тосмо кайра орнотулбайт жана парламенттин имараты ачык бойдон калат. Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер", - деп айтылат төраганын кайрылуусунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД