Кантип жасалма күрүчтү чыныгы күрүчтөн айырмалайбыз?

Күрүч - жердеги эң популярдуу азык. Ал эми дүйнөдө күрүч чыгаруучу эң чоң өлкө - Кытай.

Эмнеге күрүчтү текшерүү маанилүү?

Анткени кытайлыктар күрүчкө пластиктен жасалган күрүчтү кошушат экен. Биринчилерден болуп бул көйгөйдү кореялык The Korea Times гезити көтөрүп чыккан. Алар жасалма күрүчтү пластиктен жана картошканын крахмалынан жасашаарын изилдеп чыгышкан. Ал эми "күрүчтүн" "чыныгы " жыты болуш үчүн, ага жасалма жыт кошуп коюшат. Бул окуя эл аралык изилдөөлөрдү талап кылган. Анын жыйынтыгы таң калаарлык болгон.

Кытайда сатылган бардык күрүчтүн үчтөн бир бөлүгү, кадимки бир жолу колдончу баштыкка кошулган пластик - полиэтилен кошулат экен. Ошол жасалма күрүчтү аныктоонун 4 жолу бар.

1-тест. Суу

1 аш кашык күрүчтү стакандагы сууга салып көрүңүз. Эгер күрүч түбүнө түшүп кетсе, анда ал чыныгы күрүч. Эгер ал калкып калса, кайра мурунку алган жериңизден экинчи албаңыз.

2-тест. От

Бир нече күрүчтү өрттөп көрүңүз. Эгер ал күйбөсө баардыгы жайында. Ал эми ал эрип баштаса,демек ал жасалма күрүч.

3-тест. Жанчыгыч

Бир нече күрүчтү жанчып көрүңүз. Эгер ал накта күрүч болсо-ак болуп упаланып калат,ал эми жасалма болсо ал сары өңдүү упаланат.

4-тест. Көк-дат тести

Күрүчтү адаттагыдай мискейге бышырып алып, пластикалык идишке салып коюуңуз. Аны күн жакшы тийген жерге бир нече күнгө коюп коюңуз. Бир нече күндөн кийин ал көгөрсө, демек ал накта күрүч. Ал эми пластик күрүч көгөрбөйт.

Бул тесттерди өткөрүү жеңил жана жөнөкөй. Булар сиздин ден соолугуңузду сактап калат. Эми сиз үйрөнгөн соң, досторуңузга дагы бөлүшүңүз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД