Садыр Жапаров менен Дмитрий Козак Орусиядан вакцина алып келүүнү талкуулады

Президент Садыр Жапаров Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Садыр Жапаровдун 24-майдагы Сочи шаарында Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Орусия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД