Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, май айында курулуш материалдары өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 10,5% кымбаттады.
Анын ичинен кирпич 17%, кесилген жыгач материалдар 15,6%, шифер 15,2%, цемент 10,4% жогорулады.
Негизинен кирпич Нарын менен Талас облусунда, жыгач материалдар Баткен жана Жалал-Абад облустарында кескин кымбаттаганы байкалды.
Статистика комитети буга чейин өлкөдө тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%га, азык-түлүктүкү 3%га өскөнүн билдирген.
Ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6%га төмөндөгөн.