COVID-19. "Тез жардам" кызматына кайрылгандардын саны өстү

"Тез жардам" кызматына кайрылгандардын саны 10 пайызга өстү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине "Тез жардам" кызматынын жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада 650 чакыруу болууда. Учурда линияда 38 бригада иш алып барып жатат.

"Орууканаларда орун бар. COVID-19дун алгачкы белгилери пайда болушу менен "118" номерине, же жергиликтүү бейтапканага кайрылыңыздар", - дейт ал.

2020-жылдын март айынан бери 115 миң 615 киши вируска чалдыгып, 1 миң 937 бейтап көз жумду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД