Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште 5 медаль жеңди

Түркиянын Стамбул шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеште Жоламан Шаршенбков (60 кг) күмүш байге жеңген. Ал эми Атабек Азисбеков (87 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло медаль алышкан.

Мелдеш 18-20-июнь күндөрү болуп өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД