Кыргызстан менен Өзбекстан соода логистикалык борбор кура баштады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан айылында "Бай-Талаа" ири соода логистикалык борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган борбор буга чейин Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу жол картасынын алкагында салынууда. Анын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышкан.

Ала-Бука районунун Баястан айылындагы "Бай-Талаа" соода логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашкан. Анын аянты 20 гектарды түзөт. Борбордо эки облуста өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка багыттар боюнча иш алып барылат.

Борбордун курулушунун аякташы менен эки миңге жакын жумушчу оруну түзүлөт. Азыркы учурда борборго керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чыгарылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Ал Жалал-Абаддагы "Кыргыз Эко Экспорт" жоопкерчилиги чектелген коому менен Наманган облусунун жеке ишкерлери тарабынан каржыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД