Имунитетти көтөргөн алмуруттун пайдалары

Алмурут-иммунитетти бекемдеп, организмдеги ар кандай инфекцияларга каршы тура алат жана стресстин алдын алып, маанайды көтөрөт.Заара кубалоочу касиетке ээ.Организмден шлактарды, ууларды айдап чыгат.Алмуруттун курамындагы А витамини (ретинол) жабыркаган ткандарды калыпка келтирет, теринин катмарларынын абалын, көздүн көрүүсүн жакшыртат.С витаминине (аскорбин кычкылы) бай. Бул витамин кан тамырлардын иштөөсүн жакшыртат.Курамында К витамини (менадион) бар болгондуктан, ашказан рагынын өөрчүшүнүн алдын алат, сөөктөрдү бекемдейт.В9 витамини (фолий кычкылы), кандын айлануусун жакшыртат.РР витаминине (ниацин же никотин кычкылы), калийге бай болгондуктан, нерв системине, жүрөккө пайдалуу.Алмурут ширеси суусунду кандырып, дене табын өз нормасында кармайт.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ! Алмурут ичти көптүрүшү мүмкүн. Андыктан жаш балдарга берүүдө абайлаңыз.Ачкарын же болбосо сүт, суу жана оор тамактар менен чогуу жегенге болбойт. Ашказанда көйгөй жаратышы мүмкүн.Ашказан жарасы барлар алмурутту бышырып жегени жакшы.

Муундар жана сөөктөр үчүн

Алмурут сөөктөрдү жана муундарды бекем жана чыдамдуу кылуу менен остеопороздун, артриттин жана ревматизмдин өнүгүшүнө жол бербейт. Алмурутту жегенде организмдеги кальций сакталат жана аны сөөктөн чыгарбайт

Алмурут кан тамырларды кеңейтет. Кан басымын түшүрүп, жүрөктөгү стресстен арылтып, бардык органдарга кан агымын камсыз кылуу менен кандын уюп калуусунун алдын алат. Мөмө инсульттан, атеросклероздон жана инфаркттан сактайт.

Көздөр үчүн

Алмурут көздүн абалына жана ишине таасир этет. Макулярдык деградацияны азайтып, көздүн курчушу менен катаракта жана көздүн көрүүсү начарлап, көздүн башка ооруларынын алдын алат.

Өпкө үчүн

Шекер сиропунда бышырылган алмурут дем алуу органдарынын ооруларында какырыкты кетирип, тамактын шишигин кетирет, сезгенүүнү басат жана өпкөнү нымдайт. Бул каражат нымдуу жана кургак жөтөлгө натыйжалуу.

Алмурут өпкөнүн иштешин жакшыртып, өпкө оорусунун дем алуу, жөтөл сыяктуу белгилерин төмөндөтөт. Бул жемиш астманын өнүгүү ыктымалдуулугун төмөндөтүп, өпкөнүн иштешин нормалдаштырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД