Бишкекте аскер ардагерлери митингге чыгышты.Сүрөт

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарындагы Эски аянтта аскер ардагерлеринин тынчтык митинги өтүүдө. Алар 1992-1999-жылдары тажик-афган чек арасында тынчтык орнотуучулар катары кызмат өтөшкөн.

Митингге 30дай адам чогулду. Алар аскер кызматкерлеринен алынган жеңилдиктерди кайтарып берүүнү талап кылып жатышат.

Чогулгандардын айтымында, 1992-жылы аларга афганчылардыкындай жеңилдиктер берилген. Бирок 2006-жылы ал жеңилдиктерди кайра алып коюшкан.

"2006-жылы 16-майда Феликс Куловдун өкмөтү ардагерлерге берилген жеңилдиктерди алып салган. Ага чейин 2006-жылы 20-февралда премьер-министр Мадумаров юстиция министри Каиповго жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө токтом долбоорун даярдоону тапшырган. Ошол жылы 21-мартта коргоо министри Исаков өзүнүн аскерлеринен жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө макулдашууга кол койгон", - деди митингдин уюштуруучусу, аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев.

Анын айтымында, ардагерлер мамлекеттик органдарга кайрылышкан, бирок жооп ала алышкан эмес.

"Кайсы жерге кайрылбайлы, бизге эч ким жооп берген жок. Ошондуктан ушул жылы 21-апрелде административдик сотко 2006-жылдагы токтомду жокко чыгарууну суранып кайрылганбыз",- деди Сартаев.

Афган согушунун ардагери Орунбек Чондоев протокол түзүп, аталган маселени Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүүнү жана жогорку инстанцияларга кайрылууну сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД