Ошто жансыз денени такси менен алып келишкен, шектүүлөр кармалды

Кечээ, 20-июнда Ош шаарында 24 жаштагы жигит мушташтын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 06:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси аркылуу 20-25 жаштар чамасындагы жигиттин жансыз денеси жеткирилгендигин кабарланган. Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын жүрүшүндө каза болгон жигит 1997-жылы туулган А.А. экендиги аныкталды. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, кийимдериндеги тактарды аныктоо үчүн соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Өлүккө сырттан короо жүргүзгөн учурда жаракаты бар экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1999-жылы туулган тургундары Э.Ы., Г.Э жана А.Э. кармалды. Шектүү катары кармалган Э.Ы. өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө мас абалда Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө каза болгон А.А. менен эч бир себепсиз сөздөн-сөз чыгып, урушуп кетишкендигин айтты. Аны бетке бир урганда, ал өзүн жоготуп жатып калган. Аны жасалма дем алдырып, бетине суу чачып, жардам көрсөтүп, акырында такси аркылуу ооруканага жиберген.

Кармалган жигиттер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД