Садыр Жапаров аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Президент жарандарды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңе аларын белгиледи.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Жапаров эл-жерге кызмат кылуу - кандайдыр бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

"Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөйт. Ал эми бүгүнкү ата мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр. Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!" - деди президент.

Ал ошондой эле ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга аларын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД