"Биздин Кыргызстан" жаӊычыл, таза жана тажрыйбалуу адистерди чогултту

Бүгүн, 21-июнда "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун үгүт ишине киришти.

Буга карата иш-чара өткөрүлүп, анда партиянын төрагасы Айбек Осмонов алдыдагы жарышта командасына ийгилик каалады.

"Шаарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошууга ниет кылып, аруу тилектер менен максат коюп, шайлоого аттандык. Биздин команданын буга чейин элге кылган кызматы, аткарган иштери жана салымдары бар. Курамыбызга жаӊычыл көз караштагы, таза жана тажрыйбалуу адистерди чогулттук. Шаардын жашоо шартын оӊдоого тажрыйбабыз, акыл-көрөӊгөбүз жетет, - деди өз сөзүндө А.Осмонов.

"Биздин Кыргызстандын" лидери атаандаш партияларга дагы кайрылып, үгүт учурунда терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.

"Шайлоого аттанган башка партиялардын дагы мыкты долбоорлору, эмгек кылууга ниеттери бар. Аларга ийгилик каалайм. Шайлоо убагында буга чейин адат болуп калган бут тосуулар менен алектенбей, үгүт ишин таза өткөрүүгө үндөйм", - деди "Биздин Кыргызстандын" төрагасы.

Иш-чарага катышкан депутаттыкка талапкерлердин ар бири өз тармагында ийгилик жаратып, жыйынтык көрсөткөн адистер экени айтылды.

Иш-чара салтанаттуу түрдө өтүп, жаӊы жүздөрдөн куралган профессионал команда үгүт ишине жаӊы дем менен киришти.

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 21.06.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД