Бейбаштык кол салуудан УКМКнын кызматкери каза болду

Бейбаштык кол салуудан УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Окуя 20-июнда болуп, УКМК кызматкери топтошкон балдардын кол салуусунан каза болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү ("Бейбаштык менен өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалган.

"Каза болгон улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз", - деп билдирет УКМК.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД