Жогорку Кеңештин 74 депутаты Өмүрбек Бабановго кепилдик берди

Жогорку Кеңештин 74 депутаты Өмүрбек Бабановго кепилдик берди. Бул тууралуу маалыматты саясатчынын тарапташтары социалдык тармактарда таратышууда.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын көбү, алардын арасында Дастан Бекешев, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Жээнчороев, Канат Исаев, Шералы Абдылдаев, Нурбек Тотонов, Эмил Токтошевдер экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун камалышына тынчсыздандыруу билдиришти. Алардын айтымында, Бабановдун камалышы коомдук резонанс жаратып, ага карата коюлган айыптоолор негизсиз жана далилсиз деп көпчүлүк эсептегенин айтышты.

Парламентарийлер тергөөчүлөр менен сотту бул ишти объективдүү жана ар тараптуу караштырууну камсыздоого чакырышты. Өмүрбек Бабановго басым жасабастан, Кумтөр маселеси боюнча ал күнөөсүз жана ага тийешеси жок экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Мамлекет алдында Өмүрбек Бабановдун жасаган иши, Кыргызстандын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эсепке алып, парламенттин 74 депутаты Бишкектин сот коллегиясына кайрылып, экс-премьер-министрдин баш коргоо чарасын эркиндиктен ажыратууга байланышпаган түрүнө өзгөртүүнү суранышты.

Бабанов сотко чейинки иликтөөгө жана соттун териштирүүсүнө тоскоолдук кылбайт, деп парламентарийлер кепилдик беришти.

Эске салсак, 31-майда Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча коррупциялык иштин сотко чейинки иликтөө алкагында УКМКга күбө катары суракка чакырылган. Бабанов суракка келем деген милдеттемеге кол койгон. Бирок тергөө Бабановду эки суткага камакка алуу тууралуу протоколун берди. 2-июнда Биринчи Май сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов коомчулуктан жана ЖМКдан жабык эшик артындагы отурумун өткөзүп, Бабановду УКМК абагына эки айга отургузуп салды. Өмүрбек Бабанов ЖМК берген маалыматында процессти опуза соту жана абсурд деп кыскача пикирин билдирди. Кийин ал соттун жана тергөөчүнү мыйзамсыз иш-аракетин сынга алып кат жазды. Өмүрбек Бабановдун камалышы коомчулукта ызы-чуу жаратты. Аны коргоп өлкөнүн булуң-бурчундагы кыргызстандыктар жана Кыргызстандын атак-данктуу инсандары чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД