Садыр Жапаров Нил Маккейн менен жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Нил Маккейнди Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жакында өткөн 30 жылдыгы менен куттуктап, ЕРӨБ өлкөдөгү өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

Садыр Жапаров ЕРӨБдүн жаңы долбоорлорун активдештирүү жана кызматташтык көлөмүн көбөйтүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Президент Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолу менен кетерин, мыйзам үстөмдүгү менен адам укуктарын коргоо институттарын мындан ары да чыңдоону көздөрүн белгиледи.

"Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Биз мамлекеттин өнүгүшүндө чет элдик инвестициялардын ордун жана маанисин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан, өлкө Президенти болуп шайлангандан бери, мен инвесторлорду ар тараптан колдоону жактап келем", - деп билдирди Мамлекет башчысы.

Кыргызстан кызматташууга ачык бойдон каларын жана ЕРӨБ менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин дагы бир жолу баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Нил Маккейнди Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу болгон секторлордогу - энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, санариптештирүү, айыл чарбасы, туризм тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды.

Өз кезегинде Нил Маккейн мамлекет башчысына ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассонун саламын айтып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин белгиледи. Өлкө эгемендигин алгандан бери ЕРӨБ грант түрүндө да, насыя катары да жалпысы 1 миллиард АКШ долларынан ашык каражат салды.

Анын пикиринде, бул чоң сумма, бирок жетишсиз. ЕРӨБ туризмден тартып банк секторуна чейинки атамекендик экономиканын көптөгөн тармактарына, ошондой эле суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу долбоорлоруна катышты.

Нил Маккейн ЕРӨБ өзгөчө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформаларды ар дайым колдоп келгендигин баса белгилеп, Кыргызстан менен активдүү кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД