Кыргызстандын аэропортторунда чектөөлөр күчөтүлдү

24-июндан тарта аэропортторго учпагандар кире албайт. Мындай чечим эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынды.

"Манас, "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун ичинде узатып, тосуп алгандарга кирүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынды. Эреже 24-июндан тарта иштей баштайт. Жүргүнчүлөрдү аэровокзал комплекстерине киргизүү авиабилет менен жүргүзүлөт.

Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД