Бишкекте көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр алып салынды

Бишкекте көңүл ачуучу жайлардын ишине киргизилген чектөөлөр алып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бизнес өкүлдөрү миңдеген жумушчулар белгиленген тартипте иштей бериши үчүн, чектөө киргизүү жөнүндө мурунку чечимди кайра карап чыгууну суранышкандыктан мэрияда эпидемиологиялык абал боюнча жыйын өттү.

Талкуунун жыйынтыгында, эми көңүл ачуучу мекемелерге саат 23:00дөн 7:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Коомдук тамактануу жайларынын, ресторандардын, кафелердин, барлардын жана башка уюмдардын жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат: аралыкты сактоо, кызматкерлердин бет кап тагынуусу, дезинфекциялоочу каражаттар жана залдардын 50 пайыз гана толуусу.

Эгерде белгиленген ченемдер жана эрежелер бузулса, анда күнөөлүү уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД