Алмамбет Салиевдин жактоочусу: Тергөөнүн айыптоолору негизсиз жана далилсиз

Айрым маалымат сайттар эч нерсе аныктала электе эле Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алманбет Салиевдин мүлкү боюнча маалымат таратып, аны "кылмышкер" кылууга шашылууда. Ушундан улам, Салиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирүү таратты.

Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунун 18.06.21-жылы бөгөт чарасын камакта калтыруу боюнча чыгарган токтому менен макул болбогонун төмөнкүлөр менен негиздеди.

Буга чейин маалым болгондой, А Салиев мыйзамсыз байыгандыгы боюнча шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына караганда "Астра Плюс" ЖЧКсы Ош шаарында көп кабаттуу үйдү куруу учурунда Алманбет Салиев кайнагасы (аялынын агасы) Г.М. аркылуу Ош шаарынын Навои 10 дарегинде жайгашкан "Датка" турак жай комплексин курууда үлүштүк катыштыгы боюнча келишим түзгөн. Ал жерден Салиев аянты 844,5 квадрат метрди түзгөн кеңсени 50 миллион 247 миң 750 сомго сатып алган делип жатат.

Салиевдин кайынагасына төмөнкү мүлктөр катталган:

Бишкек шаарынын Чынгыз Айтматов проспектинде жайгашкан базар наркы орто эсеп менен 100 миң долларды түзөгөн Салиев жашап жүргөн квартира;

Элебаев көчөсүндө жайгашкан курулушу аягына чыгарылбаган объект, 10 миң долларга бааланууда ;

Курулушу аягына чыгарылбаган объект- Элебаев көчөсүндөгү унаа токтоочу жай, 10 миң долларга бааланууда ;

Элебаев көчөсүндө жайгашкан квартира, 50 миң долларга бааланууда;

Элебаев көчөсүндө жайгашкан квартира -50 миң доллар;

Аялынын сиңдиси М.Бга катталган Матросов көчөсүндө жайгашкан үй. 30 миң долларга бааланууда.

Тергөөнүн жогоруда аталган айыптоолору негизсиз жана далилсиз. Соттук жыйындын жүрүшүндө прокурор жана тергөөчү жогорудагы объектилер Алманбет Салиевге тиешеси бар экенине бир дагы ишенимдүү далил келтире алган жок.

Анын үстүнө, жогоруда аталган адамдар же башкача айтканда туугандары мүлктөрүн өздөрү "таман акы маңдай терлери" менен тапканын ишенимдүү айтууда. Демек мындай жагдайда А. Салиевге кылмыш жасаганы боюнча айып Кыргыз Республикасынын КПКнин 233-235- беренелерин бузуу менен же болбосо жетиштүү далили жок коюлууда.

Мындан тышкары сот тарабынан А. Салиев мурда соттолбогону, ага карата мүнөздөмөлөрдүн жакшы экендиги, туруктуу жашаган жеринин бар экени, Кыргызстандын жараны экени жана багуусунда жашы жете элек балдары бардыгы эске алынган эмес. Ага карата кылмыш жасагандыгы боюнча айып эч кандай далили жок, негизсиз коюлуп, жогоруда аталган жагдайлар унутта калтырылган.

Андыктан, жогорудагы соттун чечими менен макул болбой жактоочу Бишкек шаардык сотуна Алманбет Салиевдин баш коргоо чарасын камактан, сотко чейинки мезгилинде эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД