Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңештин депутаты болду

Бүгүн, 21-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Макешовго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу мандатын тапшырган КСДП фракциясынан депутат болгон Нодирбек Каримовдун ордуна келди.

Кырк беш жаштагы Чыңгыз Макешов КСДП партиясынын тизмесинде 62-орунда болчу. Былтыр парламенттик шайлоого "Ыйман Нуру" партиясын баштап барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД