Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун өздүк курамы "Путин" чокусун багындырганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-17 июнь күндөрү Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун өздүк курамы деңиз деңгээлинен 4446 метр жогору бийиктиктеги "Путин" чокусун багындырды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жылдык, Өрткө каршы кызматынын жана Гидрометерология агенттигинин 95 жылдык мааракесине арналган.