Москвада мекендешинен 1 млн рубль талап кылган кыргызстандык кармалды

Мекендешинен миллион рубль опузалап талап кылган шектүүлөрдүн бири из жашырып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде Москва шаарында кыргыз жаранын 8-9 кыргыз жигит "УАЗ" үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, токойго алып барып, курал менен коркутуп миллион рубль талап кылган. Бул окуяны ошол жерден өтүп бара жаткан адамдардын бири байкап калып, полиция чакырган. Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери опузачылардын төртөөсүн кармаган.

Текшерүүдө алар Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары экени аныкталган. Ошондой эле жандарынан ок атуучу курал- "ИЖ-71" үлгүсүндөгү кызматтык тапанча, ок-даарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган.

Кармалгандардын бири Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 1996-жылы туулган Т. уулу А. аттуу жашоочусу. Калган үчөө Жалал-Абад облусунун тургуну. Бири Базар-Коргон районунун 1997-жылы туулган А. уулу Н. аттуу жашоочусу, экинчиси уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 1998-жылы туулган А.А. аттуу Жалал-Абаддын тургуну, үчүнчүсү ММА боюнча белгилүү спорттук клубдардын биринде машыккан 1995-жылы туулган А.С. аттуу Ноокен районунун жашоочусу экени аныкталган.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Киши уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Июнь айында Кыргызстандын ИИМинин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен аталган ишке тиешеси бар делинип издөөдө жүргөн шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал 1998-жылы туулган А.Э. аттуу Сузак районунун тургуну.

Учурда башка шектүүлөрдү да кармоо иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД