Жалал-Абадда жол инспекторлору "Тартип" рейддин өткөрүүдө - сүрөт

Жалал-Абад облусунда "Тартип" аталыштагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд кылмыштуулукту, жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында өтүүдө. Ал Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун аймагында 12-июнда башталган, 27-июнга чейин жүргүзүлөт.

Анын алкагында аталган аймактарда жол инспекторлору, милиция кызматкерлери, атайын багыттагы полктун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар күн сайын иш алып барышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД