Бишкекте Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

Бишкекте мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүүдө.

Акция Бишкек шаардык сотунун алдында өтүп жатат. Сот бүгүн Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын карайт.

Митингчилер саясатчыны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановго "Кумтөр" долбооруна байланыштуу иштин алкагында "жемкорлук" беренеси боюнча айып тагылып, эки айга УКМКнын абагына камалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД