"Акыркы коңгуроо" бардык мектептерде онлайн форматта өтөт

Кыргызстандын бардык мектептеринде быйыл "Акыркы коңгуроо" майрамы коронавируска байланыштуу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу 20-майда "Биринчи радионун" эфиринде Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын өкүлү Айнура Кусеинова билдирди.

Ал Бишкекте 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" мектепте кадимки тартипте өтөрү тууралуу чечим жокко чыгарылганын белгиледи:

"Талкуулагандан кийин онлайн өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды, себеби Бишкек азыр "кызыл зонада". Азыр көп адам катышкан иш-чараларга тыюу салынды, андыктан, онлайн гана форматта болот. Азыр республиканын бардык аймактары даярданып жатышат. Ар бир облус өзүнүн куттуктоосун видео түрүндө даярдайт, ал мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт".

Окуу жылынын аякташын белгилеген "Акыркы коңгуроо" майрамы 25-майда өтөт. Аралыктан өткөрүү тууралуу талап мамлекеттик да, менчик да окуу жайларына тийиштүү экени айтылды. Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана мунициаплдык окуу жайлар толук ачыла элек.

COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул вирус 100 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 1,7 миңден ашууну каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД