Азамат Жаналиев "100 чыгаан футболчу" көргөзмөсүн уюштурууну пландоодо

Сүрөтчү Азамат Жаналиев футбол боюнча Дүйнө чемпионатында "Дүйнөнүн 100 чыгаан футболчусу" аталышындагы сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Жаналиев футболдо чыйыр из салып кеткен 100 футболчунун сүрөтүн стринг-арт стилинде – мык жана жип менен тартат. Ал сүрөттөрдү 2022-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү пландоодо.

Сүрөт тартышууга ар бир каалоочу катыша алат. Алар сүрөт түшүрүлө турган тактага мык кагып, атайын китепке каалоолорун жазып кете алышат.

Учурда анын сүрөттөрү "Азия Молл" соода борборунун 3-кабатында көргөзмөгө коюлган.

Кыргыз футбол федерациясы билдиргендей, сүрөттү тартууга Франциянын атактуу футболчусу Зинедин Зидандын да колу тиет.

"Зидан тактага энчилүү алтын мык кагып, сүрөттү өзү бүткөрөт", - деп билдирет бирикме.

Эскерте кетсек, буга чейин Азамат Жаналиев жазуучу Чыңгыз Айтматов, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, манасчы Саякбай Каралаевдин жана башка белгилүү адамдардын сүрөттөрүн стринг-арт стилинде тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД