Алманын ден соолукка пайдасы

Жемиштердин ичинен биздин климаттык шартта эң кеңири таралган жемиш – алма. Алманы биз жыл бою үзбөй колдонгонго аракет кылабыз. Анткени анын ден-соолукка тийгизген таасири өтө эле көп. Алар кайсылар? Рактан коргойт. Алманын кабыгында антиоксиданттын чоң өлчөмү бар. Бул болсо С витамини менен биригип, организмге терс таасирин тийгизүүчү радикалдарга тоскоол болот. Ошондой эле жоон ичегиде өнүгүүчү рак коркунучун пайда кылуучу зыяндуу заттарды организмден айдап чыгат. Алма кандагы холестеринди азайтат. Изилдөөлөргө караганда, күнүнө эки алма жегендик – холестериндин деңгээлин 16 %га түшүрүү дегендик. Тамак сиңирүүнү жөнгө салат. Алма – ашказандын бузулушуна каршы эң жакшы каражат болуп эсептелинет. Мунун себеби алманын курамында тамак сиңирүүнү жөнгө салуучу алма кислотасы бар. Алманын уругунда йоддун көп өлчөмү бар. Күнүнө 5-6 даана урукту жесеңиз - организмдин суткасына йодго болгон талабы толук бойдон канааттандырылат. Боордогу жана өттөгү кумду алма диетасынын жардамы менен эритсе болот: эртең мененки саат 8де 240 мл алма ширесин, андан кийин саат 10до, 12де, 14тө, 16да, 18де жана 20да 480 млден ичүү керек. Бул диетаны кармоодогу эки күн ичинде башка эч нерсе жебөө керек. Анан самынсыз ысык ванна кабыл алуу зарыл. Үчүнчү күнү эртең мененки саат 8де 480 мл алма ширесин ичип, жарым сааттан кийин 120 грамм таза оливка майын ичүү талапка ылайык. Эгер алсыроо байкалса, жатып эс алуу керек. Адатта 1-2 сааттан кийин жыйынтык байкалып, организмден кумдар чыга баштайт. Жаш балдардын тиштери жакшы өсүшү үчүн тиш доктурлар аларга алма берүүнү сунуштайт. Ал тиштин эмалын тазалайт. Күнүнө бирден алма жесеңиз – инсульт коркунучунун алдын алган болосуз. Алманын ширеси жүрөк-кан тамыр системаларын бекемдейт, акыл-эсти талап кылган жумушта иштеген адамдарга пайдалуу. Семирүүдөн жапа чеккен адамдар үчүн мындай аралашма натыйжалуу: 100 мл алманын ширеси, 50 мл коондун ширеси, 5 мл помидордун ширеси, 25 мл лимондун ширеси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД