Сабиздин басын көтөргөн кызыл кулактар аныкталды

Сабиздин баасын көтөргөн кызыл кулактар аныкталды. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Лариса Шустикова билдирди.

Анын айтымында сабиздин кымбаттоосунун негизги себиби бул жазында суук болуп, кеч эгилип, жайында кургакчылык болуп жаң эгиндин кечигип жатканы.

Бул тууралуу тегерек столдо билдирди.кымбаттап кетти.

"Кыргызстан сабиз менен өзүн-өзү толук камсыздайт. Сабиздин кымбаттоосу кеч себилгенине байланыштуу болду. Жаңы сабиз жок, эски сабиз түгөнүп жатат. Жазында суук болду, жайында кургакчылык болуп жатат ушуга байланыштуу сабиз кескин кымбаттап кетти. Бирок азыр түштүктө жаңы сабиздер чыга баштады", - дейт Шустикова.

Ошондой эле сабиз доллардын наркы көтөрүлгөнүнө байланыштуу кымбаттаган сөз орунсуз экенине токтолду.

"Сабиз мүмкүн чет өлкөгө экспорттолуп жатканда чет элдик ишкерлер доллар менен төлөп ошондон улам сабиздин баасы менен доллардын курсунун байланышы болушу мүмкүн. Бирок сабиз долларга байланыштуу кымбаттады деп айта албай.

Биздин кызмат бир нече сабизди дүң сатып алып, анын баасын көтөрүп кызыл кулактык менен алектенген бир нече адамдарды аныктадык. Аларга карата териштирүүлөр жүрүп жатат. Сабиздин баасы ушул себептен улам кымбаттаганын аныктадык. Бирок сабиз өткөн жумага салыштырмалуу бул жумада 7-8 сомго арзандаганы байкалды", - дейт Шустикова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД