Токтогазиев: Баалар күзүндө жана кышында дагы көтөрүлөт

Баалар күзүндө жана кышында дагы көтөрүлөт . Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Ал өлкөдөгү баалардын өйдө-ылдый болуп жатканын өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун системалаштырылбаганына байланыштырды.

"Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу системалык түрдү уюштурулган эмес. Айрым мамлекеттерде Сингапур, Араб мамлекеттеринде өздөрүндө өнүм жок башка компаниялар менен камсыздайт. Бизде мындай система да жок, өзүбүздө да эгилген эмес. Матрезервде туз эле жетиштүү калганы жетишсиз. Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу өкмоттүн саясатына жараша болот", - дейт Токтогазиев.

Мындан сырткары, азыркы баалар күзүндө дагы кымбаттай турганын, ага эмитен даярдык көрүү керектигин билдирди.

"Баалар күзүндө, кышында дагы кымбаттайт. Мисалы азыркы бааларды өткөн жылдын ушул убагындагы баалар менен салыштырып көрсөк, былтыркыга салыштырмалуу быйыл баалар эки эсеге жакын кымбат болууда. Азыр эле башталган таңкыстыкты эске алганда баалар кымбаттайт, ага эмитен даярдык көрүү керек", - дейт Токтогазиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД