Рахматулаев: Жарандар COVID-19 мага жукпайт деп кенебестик кылууда

Жарандар COVID-19 мага жукпайт деп кенебестик кылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Ал бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 931 кишиден табылганын айтып, оору жуктургандардын көбөйүшү жарандардын санитардык эрежелерди сактабагандыгынан болуп жатканын белгилеп өттү.

"Айрым жарандарыбыз өзүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугуна кайдыгер, көңүл кош мамиле жасоодо, кенебестик кылууда. Бул оору мага жукпайт деген мамиле жасалып жатат. Биз айтып жаткан санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелер сакталбай эле. Беткап тагынып, колуңуздарды самын менен жууп, антисептик каражаттарын колдонуңуздар, социалдык аралыкты сактаңыздар", - деп, ал жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

Ошондой эле ал оору жуктургандардын 30%ы 65 жаштан улуулар болуп жатканын белгилеп, алар той жана башка иш-чараларга баруудан алыс болушу керектигин эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД