Айыл чарба министрлиги сабиз качан арзандай турганын билдирди

Июль айында сабиздин баасы турукташат. Бул тууралуу тегерек столдо Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Акимбек Бектеналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда сабиздин баасы жаңы эгилген сабиздер базарга чыгары менен түшө баштайт.

"Биздин дыйкандар сабизди азыр чет өлкөгө экспорттоп жатат. Менин оюмча июль айында баасы турукташат", - дейт Бектеналиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД