ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы "Азаттыкка" билдирип, сурак октябрь окуяларына байланыштуу экенин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы октябрь окуяларына байланыштуу 23-июнга ИИМге суракка чакыртылган.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, октябрь окуяларында "калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД