Олимп оюндарын көрүүгө 10 миңден ашык адам киргизилбейт

Быйыл июль-август айларында Токиодо өтчү Олимп оюндарын трибунадан көрүүгө уруксат берилет. Бирок алардын саны чектелет. Бул тууралуу мелдештерди уюштуруучу тарап - Эл аралык олимпиада комитети Токионун мэриясы жана жапан өкмөтүнүн катышуусунда чечим кабыл алынды.

Жапонияда кайрадан COVID-19 илдети күчөп баштаган маалда кабыл алынган бул чечим мунаса табуунун бир жолу болду. Анткени башында оюндарды такыр эле көрүүчүлөрсүз өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып, бирок аягында тараптар ар бир өтүп жаткан мелдешке 10 миңден ашпаган адамды киргизүү демилгесине токтолушту. Бирок ошол эле кезде коронавируска тест тапшыруу милдеттүү саналбайт.

Мындан сырткары Олимп оюндарын көрүүгө ошол маалда Жапонияда жашагандар гана киргизилет. Чет элдик күйөрмандарга өлкөгө кирүүгө тыу салынган. Ал эми спорттук делегациялардын сандары бир топ кыскартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД