"С.Нургожоевич, бардык маселени ырааты менен чечпесеңер, абал оорлошууда

Өкмөт энергияга болгон тарифти 1 сомдон ашырбаш керек. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.

"Акыйкат үчүн айтып коюшум керек. Тилекке каршы, жөнөкөй жарандан баштап, өлкөбүздүн Президенттине дейри, жыргаган эч ким жок, биздин республикада...

Баткен окуясы, Ковид, кымбатчылык, суунун тартыштыгы, коррупция менен күрөшүү, контрабанданы ооздуктата албай, контрабанданын гүлдөп жатканы, чабал кадрлар, өз милдеттерин так аткара албаганы, ж. б. толтура көйгөйлөр... Ачык айтсам, азыркы учурда элибиз да, бийлик да жүдөп турган кези.

Себеби, бийлик ырааты менен (последовательность) өз ишин алып бара албаганында. Биринчи ирет, айыл чарбага жана Ковидке каршы иштеш керек эле, бийлик төбөлдөрү. Андан соң, электроэнергия маселесине көңүл бурса, туура болмок. Ошону менен бирге, Өкмөт энергияга болгон тарифти 1 сомдон ашырбаш керек.

Анткени, азыркы болуп жаткан чакчалакей башкаруу, о.э. акырындык менен болуп жаткан нааразычылык, чыңалуу күзүндө көрүп билбегендей, чоң толкундоого алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан, Садыр Нургожоевич, бардык маселени ирээттеп, ырааты менен чечпесеңер, абал оорлошуп баратат. Албетте, бул дагы бир сунуш... Кандай чечим кабыл аласыңар өз эркиңер", - деп кошумчалаган Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД