Таш-Көмүрдө айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-көмүр шаардык ЖККК бөлүмү тарабынан, 21-июнь күнү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо ошондой эле айдоочулардын айдоочулук маданиятын көтөрүү максатында "Үгүт жүрүш" жана "Маяк" иш-чараларын өткөрүштү.

Анда жол инспекторлору жол кырсыктардын алдын алууга багытталган плакаттар менен жабдылган авариялык абалдагы автоунаанын коштоосунда, кызматтык автоунаалардын атайын үн чыгаруучу жабдыктарынын жардамы менен шаар тургундарын жол эрежелерин так сактап жүрүүгө чакырышкан. Мындан сырткары "Маяк" иш-чарасында тез жардам унаасына жол бербей эреже бузган эки айдоочуга тийиштүү чаралар көрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД