Ысык-Көлдө жээкке чыга албай калган 17 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-көл районунун Тамчы айылында 17 адам 5 катамаран менен көлдө жүргөндө шамал болуп, жээктен 3 чакырым алыстыкка алып кеткен. Ошондой эле 1 кайык менен жергиликтүү тургундар дагы чыгып, алардын күйүүчү майы түгөнүп көлдө калып калган.
Буга байланыштуу 3 куткаруучу, 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан.
Куткарылган жарандардын абалдары канааттандараарлык.