Чүй дарыясынын жээгин суу жеп Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады

Чек арадагы Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 22-июнда басма сөз жыйынында билдирди.

"Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Бул жаатта иштер активдүү башталды, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө",- деди Ажикеев.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасынын бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД