Кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" сырттан кантип башкарат? Укугу жана мөөнөтү

"Кумтөр Голд Компани" өзүнө коюлган үч милдеттемени бузганы үчүн кыргыз өкмөтү сырткы башкарууга алып отурат. Убактылуу башкаруунун мөөнөтү - үч ай.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кенди убактылуу сырттан башкаруунун жол-жобосу тууралуу түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компани" ишканасы убактылуу тышкы башкарууга алынып, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Мыйзам боюнча сырттан башкаруунун мөөнөтү үч ай, эгер тараптар бир чечимге келбесе дагы үч айга узартууга болот.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров

"Мен 31-августка чейин же ажырашабыз, же биздин шарттарга макул болушат деген ойдомун. Эгер жетекчилери сүйлөшүүгө келбей койсо өкмөт башкарып кала бериши мүмкүн", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстандын кызыкчылыгын четке кагуу менен кабыл алынган 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууга аракет көрүлүп жатканын белгиледи.

Centerra Кыргызстан койгон доону төлөөдөн баш тартса кантип өндүрөт? Жол-жобосу

"2009-жылкы келишимде, тилекке каршы, парламент дагы, өкмөт дагы өз укуктарынан аша чаап кетишкен. Анткени "эл аралык келишим башка өлкөлөр же эл аралык каржы институттар менен түзүлүшү керек" деген мыйзам бузулган. Биз ошол келишимди жокко чыгарууну азыркы өкмөткө, парламентке сунуштап жатабыз. Бирок ага чейин 1992-жылы жерди 50 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди карап, Centerra алган милдеттемелерди анализдеп чыгып сырткы башкарууга өткөрүү жолун таптык", - деди Жапаров.

Ал милдеттемелерге ылайык, кыргыз өкмөтү үч эле учурда компаниянын администрациялык, чарбалык жумушуна кирише алат. Биринчиси - адам өмүрүнө зыян келтирсе, экинчиси - экологияга залакасын тийгизсе, үчүнчүсү - өкмөттүн экология жана коопсуздук боюнча берген сунуштары аткарылбаса.

"Текшерүүнүн алкагында үч жагдай боюнча далилдер табылды. Эми убактылуу башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк эмнеге экология, коопсуздук боюнча иш-аракеттер болбой жатканын изилдеп, бүт жагын байкап-көрүп өзүнүн программасын иштеп чыгат. Кемчиликтерди жоюуга компаниянын мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу анализдеп, болсо кийин мыйзамдарды бузбай иштетип кете турган сунуштарын берет. Анан өкмөт кайра чечим кабыл алат. Убактылуу башкаруу учурунда "Кумтөр Голд Компани" мурда кандай болсо ошондой иштейт, кошумча дагы башка укуктары бар", - деди Жапаров.

Убактылуу сырттан башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк компаниянын жетекчилиги бухгалтерияга байланышкан жана башка дагы документтерди өзү менен кошо чыгарып кеткенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД