Дайынсыз болуп жаткан Эльдияр Байгазиев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1987-жылы төрөлгөн Байгазиев Эльдияр Самарбекович 7-июнда Ысык-Ата районундагы мал баккан сарайдан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 175-180 см, арыкчырай келбетте, көзү жана кашы кара түстө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү кепка жана футболка, ак түстөгү спорттук шым, көк түстөгү бут кийим.
Сүрөттөгү адамды көргөн билгендер болсо төмөндөгү номерге кабарлап коюуну укук коргоо органдары өтүнөт:
(0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85,
(0312) 61 69 07,
0703 17 17 70
0708 10 81 10