Аксыда аты менен сууга аккан 11 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 24-май күнү 11 жашар Э.Н аттуу бала жайлоого мал айдап бара жатканда мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп аты менен кошо сууга кулаган. Бир айга созулган издөө иштеринин алкагында кечээ, 22-июнда Кырсык орун алган жерден алыс эмес жерден суудан баланын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп берилген.