Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат

Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулайт.

Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тестин тапшырган.

Иш-чара бүгүн саат 10-00дө КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД