Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева суракка алынды

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу саясатчы айым "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Эльвира Сурабалдиева анда октябрь окуялары боюнча сурак бергенин, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ал окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын жазган.

"Эмнени каалашты? Менин октябрь окуясына болгон көз карашымды. Ал күндөрү тиешелүү органдар тарабынан, басма сөз кызматкерлери тарабынан даярдалган жана жеке мен эфирге чыгарган аудио жана видео материалдар болгондуктан, кошумча айта турган нерсе деле жок эле. Ал күндөрү сүйлөгөн сөздөрүмдү жана иш-аракеттеримди гана тастыктадым", - деп жазды Сурабалдиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД