Эскертүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Жакынкы бир саат аралыгында, кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ мындан улам элди сак болууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД