Бир суткада 738 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 360, Ош шаары - 93, Чүй облусу - 51, Ош облусу - 108, Талас облусу - 4, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 26, Жалал-Абад облусу - 60, Баткен облусу - 31 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда эки, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 117 миң 284 киши вируска чалдыгып, 1 миң 953 бейтап көз жумду.