"Ата Мекендин" депутаттары чырдашып, жыйындан чыгып кетишти

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары жыйын учурунда айтыша кетишти.

Отурум залында микрофондор өчүк турганда депутаттар Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазовдун чырдашып кетти. Аларды башка кесиптештери арачалалап кетишти. Айсулуу Мамашова депутат Атазовго: "спортчу болсоң, өзүңө спортчусуң" деп айтканы угулду.

Чыр чыкканга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин алмашканы кабарланган. Депутат Наталья Никитенко фракция мүчөлөрү Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдирген. Фракциянын 21-июндагы жыйынында лидерликке депутат Шералы Абдылдаев шайланды.

Сайдулла Нышанов лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

"Ата Мекендин" депутаттары айтыша кеткенден кийин отурум залынан чыгып кетишти. Калгандары 10 мүнөттүк танапистен соң жыйынды кайра улантышты.

Вице-спикер Аида Касымалиева депутаттардын мындай жүрүм-туруму акыркы күндөрү көп боло баштаганына нааразы болду.

"Айрым депутаттардын жүрүм-туруму боюнча маселени Этика жана регламент комитети карап чыгышы керек. Акыркы убакытта мындай көбөйүп кетти",-деди вице-спикер Аида Касымалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД